БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Орус тили боюнча эл аралык уюм кызыкдар болгон мамлекеттер үчүн дайыма ачык. Мындай пикирин РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Орус тили боюнча эл аралык уюмдун I конференциясында сүйлөп жатканда айтты.
"Муну менен катар эле уюм Евразия жана континенттин кызыкдар болгон башка өлкөлөрү үчүн да ачык", — деген Лавров.
Ал аталган уюм 2026-жылдын апрель айынан тарта ишин баштаарын билдирген.
"Биздин карообузга эксперттер макулдашып бекиткен документтердин долбоорлору сунушталууда, алар уюмдун ушул жылдын апрель айынан тарта ишин башташына укуктук негиз түзөт", — деген ал.
Лавров орус тилин интернеттеги жайылышы боюнча экинчи тил экенин белгилеген.
"Бул — дүйнөдөгү эң кеңири таралган тилдердин бири, анын ичинде санариптик мейкиндикте интернет-сайттардын жана социалдык тармактардагы каналдардын саны боюнча англис тилинен кийинки экинчи орунда турат", — деген РФтин ТИМ башчысы.
Аталган уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү анын иштешине негиз салган документтерге кол коюшканын кошумчалады.