БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ мамлекеттерине 82 миллион доллардын тегерегиндеги инвестиция жасаганын Евразиялык экономикалык комиссия кабарлады.
Маалыматта бул 2025-жылдын жарым жылына карата алынган көрсөткүч экени айтылат. Инвестиция төмөнкүдөй салынган:
Россияга — 69,9 миллион доллар;
Казакстанга — 11,2 миллион доллар;
Беларуска — 0,8 миллион доллар.