БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Лейлек райондук филиалынын мурдагы башчысы менен эсепчиси 5 миллион 213 900 сомду ыйгарып алышкан деп кармалышты. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, филиалдын башчысы П.Б. менен башкы эсепчиси М.Н. 2025-жылдын январынан сентябрга чейинки мезгилде, тогуз ай иштешкен.
Атайын кызмат, алар иштеп турган учурда "Кыргыз почтасы" ААКнын борбордук аппараты филиалдын банк эсебине компьютердик жабдууларды, эмерек, терезелерди жаңыртуу жана башка оңдоо чыгымдары үчүн акча которгонун белгилеген.
"Бирок алардын бири да алынган эмес. Акча райондук бөлүмдүн ошол учурдагы башчысы менен башкы эсепчиси тарабынан "менчиктештирилген". Мындан тышкары, алар кызматкерлердин банк карталарына айлыкты көбүрөөк которуп, андан кийин техникалык катага шылтоолоп, ашыкча сумманы накталай кайтарып берүүнү сурашкан", – деп айтылат билдирүүдө.
Кармалгандарга "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.