АКШ өлтүргөн ирандык генерал Касем Сулейманинин таржымалы. Видео

АКШ курмандыкка чалган ирандык генералдын тагдыры башкача болду. Аскер жетекчиси коңшу мамлекетте жүргөндө кастарын тиккен Америка тилегенин ишке ашырган.
Sputnik
Ирандыктардын улуттук баатырына айланган Касем Сулеймани 1957-жылы 11-мартта туулган.
Ал 1998-жылдан бери Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) элиталык "Аль-Кудс" бөлүмүн жетектеп келген, өз мекенинде улуттук баатыр катары белгилүү.
2015-жылы Сирия-Түркия чек арасына жакын жерде күжүрмөн тапшырманы аткарып жатып атып түшүрүлгөн Су-24М учагынын учкучу, россиялык Константин Мурахтинди издөө жана эвакуациялоо боюнча куткаруу операциясынын уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин бири болгон.
Сулеймани Ирактан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин ал жердеги саясий кырдаалдын калыптанышында маанилүү роль ойногон. 2012-жылдан баштап Асаддын өкмөтүнө Сириядагы согуштун багытын өзгөртүүгө жана стратегиялык аймактарды террорчулардан кайтарып алууга жардам берген.
Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына тиешеси бар деген шек саноолордон улам ал БУУнун "кара тизмесине" түшкөн.
Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдадга расмий сапар менен барып, Ирактын коногу болуп турган маалда АКШнын Абадагы аскер күчтөрүнүн чабуулунан каза тапкан.
Багдад өз аба мейкиндигинде кандайдыр бир аракеттерге уруксат бербегени америкалыктарды кызыктырган эмес, алар мындай жоругун "коргонуу кадамдары" деп атаган.
2026-жылдын февраль айынын аягында Израиль менен АКШ Ирандын руханий лидери Али Хаменеини өлтүрүштү. Эгер АКШнын талаптарына баш ийбесе кийинки башчы, маркум аятолланын уулу Можтаба Хаменеини да жок кылууга тап коюп турат.