БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Чүйдө эки кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маалыматтар ачыкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Окуянын өзү 25-февралда болгон. Маалыматка караганда, 7-мартта Москва районундагы Ак-Торпок айылындагы талаадан эки кишинин сөөгү табылган. Алар 27 жана 23 жаштагы жарандар экени аныкталды. 23 жаштагы жигит 1-марттан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан.
Кылмыш иши козголуп, киши өлтүрүүгө шектелип 8-мартта 19, 21 жана 25 жаштагы үч киши Кадамжайдан кармалган. Ал эми кылмыштын уюштуруучусу делген 20 жаштагы жаран 9-мартта Оштон кармалды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, маркумдардын бири менен кылмыштын уюштуруучусунун ортосунда аласа-бересе болгон. Шектүү маркумду бир батирге чакырган. Таанышы менен барган жигитти төрт киши күтүп алган. Алар жабырлануучуларды сабап, батирде кармап, акчасы менен iPhone 13 жана iPhone 15 телефондорун алып алышкан. Андан соң колдорун байлап, көздөрүн таңып, түнү менен Hyundai Sonata унаасына салып, Ак-Торпок айылына жакын талаадан бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүрүшкөн.
Ал эми телефондор Бишкектеги ЦУМ жана "Берекет гранд" соода борборлорунан сатылып кеткен.
Шектүүлөр камакка алынды, тергөө уланып жатат.