Кыз зордуктоого шектелген адам оор жүк ташуучу унаа менен көчө аралай качты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбор калаада ичип алган айдоочу эл жүргөн көчөдө ири автоунааны айдап качкан. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-мартта кечке маал милицияга жүк ташуучу автоунаанын 20 жаштагы А.Б. аттуу айдоочусу кызды зордуктады деген маалымат түшкөн. Айдоочу кызды айланма жолго таштап кеткен.
Кайгуулчулар барганда шектүү качып, милиция кызматкерлери артынан кууп жөнөшкөн. Айдоочу Алматы көчөсүндөгү бир нече ирет жол чырактын кызыл күйүп турганына карабастан өтүп, каршы тилкеге чыга калып, кооптуулук жараткан. Акырында тартип сакчыларынын колуна түшүп, мас экендиги аныкталган.
Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп, FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы айып короого токтотулду.
Бишкектин жогору жагында автоунаа сууга кулап, үч киши көз жумду. Видео