Бишкек — Ош жолундагы камералар апрелден тарта иштей баштаары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы көзөмөл камералары апрель айынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, трассага 266 камера орнотулуп жатат. Иш аягына чыгып калды.
"Жол кырсыгынын негизги себеби — айдоочулардын ылдамдыкты ашырышы. Камералар ошол кырсыктарды азайтуу максатында орнотулууда", — деди Урманбетов.
Бишкекте коопсуздук курун тагынбагандарды каттаган камералар орнотулду