БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек – Ош унаа жолундагы кар кɵчкү тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды.
Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, учурда Арал постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө. Ал качан алынары белгисиз.
Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 6:50дө Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түшкөн.