Балыкчы — Кочкор темир жолундагы алгачкы поезддин видеосу тарады. Курулуш качан бүтөт

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Балыкчы — Кочкор темир жолун жылдын этегине чейин ишке берүү пландалууда.
Соцтармакта Орто-Токой менен Семиз-Белдин ортосунда жүк ташыган локомотив жүрүп бараткан видео тарады.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы алдыда бир-эки жерде жардыруу болуп, анан курулуш улантыларын билдирди. Ошондой эле жол жыл соңуна чейин ишке киргизилери кошумчаланды.
Аталган жолдун курулушу 2022-жылы башталган. Келечекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен туташтырылат. Курулуштун болжолдуу наркы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт. Аны "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражаты менен куруп жатканы айтылган болчу.
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда