ЖМК: АКШ Израилден Ирандын энергетика тармагына сокку урбоону өтүндү

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШ Израилден Ирандын энергетика тармагына, айрыкча мунай инфраструктурасына сокку урбоону өтүндү. Бул тууралуу Axios порталы ишенимдүү маалымат булактарга таянып жазды.
"Ага ылайык, дүйшөмбү күнү Дональд Трамптын администрациясы Израилге кайрылып, Ирандын энергетика тармагындагы объектилерин, өзгөчө мунай инфраструктурасын мындан ары бутага албоого чакырган", — деп айтылат макалада.
Чабуулдар башталгандан бери Вашингтон Тель-Авивдин аракеттерин биринчи жолу чектеп жатканы белгиленди.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Анын кесепетинен имараттар кыйрап, соңку маалымат боюнча, 1 300 жай тургун каза тапты.
Ал эми Иран Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жооп иретинде сокку урууда.
Трамп: Ормуз кысыгын миналоого аракет кылган кемелер дароо жок кылынат