Африка өлкөлөрү кулчулукка айыптап ЕБ мамлекеттерин сотко берүү ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Африка Биримдигинин өлкөлөрү кулчулук үчүн Европанын айрым мамлекеттеринен кенемте талап кылып БУУнун Эл аралык сотуна кайрылууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Telegraph жазды.
"Африка Биримдигинин мүчөлөрү империялык ишмердүүлүк жүргүзүп, кулчулукту гүлдөткөн мурунку колониялык державалардын үстүнөн эл аралык сотторго кайрылуу ниетинде. Алардын айтымында, трансатлантикалык кулчулук адамзатка каршы кылмыш болуп саналат", — деп айтылат макалада.
Басылма Африка мамлекеттерине Улуу Британияны Чагос аралын өткөрүп берүүгө мажбур кылган Маврикиянын юридикалык стратегиясы дем бергенин белгилеген. Африкалыктардын доосу Франция, Испания, Португалия жана Улуу Британияга каршы багытталмакчы. Telegraph репарация "Африка менен Глобалдуу Түндүктүн ортосундагы экономикалык теңсиздикти жоюуга" жасалган аракет болорун жазды.
Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгүнүн туура тамактанууга чама-чаркы чак. Изилдөө