Жакынкы Чыгыш өлкөрүнөн 3 миңдей жаран Кыргызстанга кайттыЖМКлар Европа биримдиги Киевди каржылоонун жолун тапканын жаздыДепутаттар мамлекеттик сыйлыктарды кыскартууну II окууда колдоду
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген. Мыйзам долбоору мамлекеттик сыйлыктардын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, сыйлыктардын жана наамдардын кадыр-баркын, коомдук маанисин жана аброюн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле депутаттар антимонополиялык мыйзамдарды эл аралык стандартка шайкеш келтирүүчү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. Муну менен катар Ош шаарында 3,2 чакырым жолду оңдоо жана эки эстакадалык көпүрө куруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан каржылоо алуу боюнча макулдашуу ратификацияланды.
Ушул эле жыйында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында жол кырсыгына себепкер болуп, адам өлүмүнө алып келген айдоочулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Мындай учурда жабырлануучу тарап менен келишип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу мүмкүнчүлүгү жоюлат. Ошондой эле мопеддер механикалык транспорт каражаттарына теңелип, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк жана мамлекеттик каттоо номери милдеттүү болот. Талкуу учурунда депутаттар бул нормалар курьердик кызматта иштеген жарандарга кыйынчылык жаратпашы керектигин жана ишке ашыруу механизмин так иштеп чыгууну белгилешти.
Жакынкы Чыгышта түзүлгөн кырдаалдан улам 3 миңдей кыргызстандык мекенге кайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу брифинг учурунда билдирди. Ал белгилегендей, ТИМ жарандарды Кыргызстанга кайтаруу иштерин улантууда. Жакынкы күндөрү калган жарандардын келиши күтүлүүдө. “Кыргызстанга буга чейин кайткандардын ичинен 426 жаран мамлекет уюштурган акысыз каттамдар менен келишкен. Ал эми калгандары өз алдынча учуп келишкен”,-деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалсынынан 22 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар бар деп белгиленген.
Евро биримдиги Киевге каражатты ЕБ мүчөлөрүнүн макулдугун талап кылбаган эки тараптуу насыя берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Politico дипломаттарга таянып жазды.“Украина аскердик аракеттерин каржылоо үчүн ЕБ өлкөлөрүнөн каражат алат. Венгрия менен Словакия убада кылынган 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөсө да жардам көрсөтүлөт”, — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматына караганда, Балтика жана Түндүк Европа өлкөлөрү башка план сунуштоого даяр, бирок бул үчүн Будапешт менен Братислава позициясын өзгөртпөшү керек. Ал план боюнча 30 миллиард евро бөлүү каралган. Бул сумма Киеге кеминде жарым жылга жетиштүү болот.