ӨКМ жер көчкү коркунучу бар аймактарда коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын алуу жана коргоо иштери жүргүзүп келет. Бул иштерге жер кыртышын бекемдөө, суунун агымын жөнгө салуу, дренаж системаларын куруу, коргоочу тосмолорду орнотуу жана кооптуу жерлерди тазалоо кирет. Учурда ӨКМ жана Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы жер көчкү коркунучун азайтуу долбоорун иштеп чыгууда. Калкты коргоо жана координациялоо башкармалыгынын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, капитан Нурсултан Беренбеков менен жер көчкүнүн алдын алып, калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган иштер тууралуу баарлаштык.