Эл аралык сынак жана инклюзия: сурдокотормочуларды даярдоого грант

Sputnik
Бишкекте экологиялык жана коомдук долбоорлор боюнча эл аралык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи Россиянын Бишкектеги маданият жана илим борборунун имаратында өттү. Сынак «Росатом» корпорациясына караштуу Энергия развития уюму тарабынан уюштурулду.Сынакка «Азиздер жана дүлөйлөр коомчулугу» коомдук фонду да катышып, акчалай грантка ээ болушту. Фонддун долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыктыячыларды сурдакотормочулукка окутууга багытталган. Анткени бул жаатта кадрдык жетишпестик курч. «Спутниктен сүйлөйбүз» программасында уюмдун өкүлдөрү — Канат Жапаров жана Тахмина Түлөбаева менен конкурстан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдогу абалы, негизги көйгөйлөрү жана инклюзивдүү чөйрө түзүү, билим алуу маселелери тууралуу баарлаштык.