Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?

Sputnik
Бишкекте Шаңхай кызматташтык уюмунун трансулуттук кылмыштар менен күрөшүүчү борбору түзүлөт. анын штаб квартирасы Ташкен шаарында жайгашат. Мындай маалыматка өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети ар багыттар боюнча коопсуз делген маселелерде борбордун иши орчундуу орунду ээлерин билдирди. ШКУ уюму буга чейин көбүнесе экономикалык алакаларга басым коюп келген. Соңку жылдары коопсуздук аракеттерин да күчөтө баштады. Буга биринчиден геосаясаттагы болуп жаткан окуялар себеп болсо, экинчиден дүйнө жүзүндө жүздөгөн аскердик базалары бар АКШнынэл аралык келишимдерди сактабай, бир тараптуу жүргүзүп келаткан саясаты себеп болууда дейт биздин студиянын бүгүнкү коногу. Дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиянын коопсуздугу, Кыргызстандын андагы орду тууралуу бүгүнкү «Күн башат» уктуруусунда сөз кылдык.