Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда 20-февралга карата инфляциянын жылдык көрсөткүчү 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери баалардын өсүшү 1,8 пайызга жеткен. "Инфляциянын жогорулашына биринчи кезекте дүйнөлүк рыноктогу кырдаал жана тышкы факторлор себеп болууда. Сырттан ташылып келген товарлардын баасынын жогорулашы ички рыноктогу баалардын чынжырлуу реакция аркылуу өсүшүнө алып келген. Импорттук продукциялардын баасы өскөндүктөн, өлкө ичиндеги инфляциялык басым дагы күчөгөн", — деди ал. Улуттук банктын өкүлү белгилегендей, учурдагы инфляциялык процесстер негизинен импортко көз карандылыктан улам келип чыгууда.
Кыргызстанда Орозо айт 20-мартта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.Бул жылы орозо 19-февралда башталды. Эске салсак, буга чейин кадыр түн 16-мартта белгиленери да кабарланган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Баткен облусуна болгон иш сапарында Кызыл китепке кирген атактуу Айгүл гүлү өскөн "Айгүл-Таш" коругуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда министр Баткендин символу өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин баса белгилеп, инспекторлорго коруктун аймагында сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө эч ким зыян келтирбеши үчүн катуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле министр "Мадыген" жаратылыш эстелигине барды. "Мадыген - бул биздин жалпы жаратылыш байлыгыбыз, аны келечек муундар үчүн сактоого милдеттүүбүз", - деди министр. Мындан тышкары, инспекторлорго корук жайларындагы жаныбарлардын жашоосуна адамдар тарабынан зыян келтирбөө боюнча тапшырма берилди.
Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикасы көп жагынан бири-бирин толуктап тургандыктан, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү эки тарап үчүн тең пайдалуу. Ошондуктан тараптар биргелешкен өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууда. Элчи белгилегендей, ар бир өлкөдө өнөктөш мамлекетке керектүү болгон ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Өзбекстандагы айрым өндүрүштөр менен продукциялар Кыргызстан үчүн пайдалуу болсо, Кыргызстандын ресурстары жана потенциалы өзбек экономикасына да кызыкчылык жаратат. Мындай кызматташуунун мисалы катары ал Кыргызстандагы автоунаа чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорду атады. Анын маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкө аймагында үч миңге жакын автоунаа чыгарылган.
11-марттан 27-апрелге чейин Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бир к