ТИМ: Жакынкы Чыгыштан 3000дей кыргызстандык кайтып келди

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштан үч миңдей кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Сейтек Жумакадыр уулу брифингде билдирди.
Анын айтымында, БАЭден 300, Катардан 166 жаран мамлекет уюштурган каттамдар менен Кыргызстанга учуп келген. Ал эми калгандары өз каражатына жана туристтик компаниялар менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөгө келишүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган. Жакынкы күндөрү калган мекендештердин келиши күтүлүп жатат.
Белгилей кетсек, февралдын соңунан тарта Жакынкы Чыгышта абал курчуп, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу тыюу салынды. Себеби