БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевдин кармалганын маалымдады.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, 46 жаштагы мурдагы депутатка 10-мартта иш козголгон. Ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында Конгантиев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Кечээ, 10-мартта ал мандатын тапшырганын БШКдан билдиришкен.
"Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды", — дешкен аталган комиссиядан.
Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган.
Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.