БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жибек Жолу проспектиндеги жаңы көпүрө келе жаткан дем алышта ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн көпүрөнүн түндүк тарабы жарым-жартылай ачылмак, бирок аба ырайына байланыштуу ушул дем алыш күндөрүнө жылган.
"Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, азыркы учурда транспорт каражаттары көпүрөнүн түндүк тарабынан өтүүдө. Калган жарымын март айынын аягына чейин ачуу пландалууда. Көпүрөнүн курулушу 1-октябрда башталган.