ЖМК: Трамптын ойлогону ишке ашпай, Индия орус мунайын алмай болду

Мурдараак Вашингтондун басым-кысымынан улам Нью-Дели Россиянын нефтисин алууну азайтып, Жакынкы Чыгышка баш койгон эле.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын Индияны Россиянын мунайын импорттоодон баш тарттырууга жасаган аракети Ирандагы согуштук операциялардан улам ишке ашпай калды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Анда Кошмо Штаттардын администрациясынын басымы астында Индия Москвадан аталган продукцияны алууну азайтып, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү: Ирак, БАЭ, Кувейт жана Сауд Арабиясынын экспортуна баш койгону белгиленет.
"Бирок АКШ, Израилдин Иранга каршы биргелешкен чабуулу Жакынкы Чыгыштагы мунай ташылган Ормуз кысыгынын иш жүзүндө жабылышына алып келди. Мындан улам Нью-Дели кайрадан Москванын мунайына кайтып жатат жана бул логикалык жактан туура чечим", — деп айтылган анда.
Буга чейин АКШнын энергетика министри Вашингтон мунай иштетүүчү заводдордун ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Индияга Россиядан күйүүчү май импорттоону улантууга уруксат бергенин билдирген.
Трамп Россияга жаңы чектөөлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды