БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Иран менен болгон согуш дээрлик аягына чыгып калды. Мындай билдирүүнү АКШнын президенти Дональд Трамп CBS News порталына интервью берип жатканда айткан.
Ал Кошмо Штаттардын Тегеранга жасаган согуштук операциясы графиктен бир нече апта алдыга кетип бара жаткандыгын айткан.
"Иран менен согуш кайсы бир деңгээлде соңуна чыгып калды. Алардын флоту да, байланышы да, абадагы аскердик күчтөрү да жок", — деген ал.
Ак үйдүн башчысы кокус Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу ташыла турган мунайдын агымын токтотсо, азыркыга караганда жыйырма эсе кубаттуу чабуулга туш боло турганын айтып, коркуткан.
Аны менен катар эле эгерде Ирандын жаңы руханий жетекчиси Штаттардын талаптарына моюн сунуп аткарбаса, аны да жок кылуу керек деген кадамды колдоорун жар салган. Wall Street Journal басылмасы бул ишти (Мужтаба Хаменеи — ред.) Израиль жасайт деп жазган.
Эске салсак, 2026-жылдын 28-февралында АКШ менен Израиль биргелешип, Иранга чабуул жасаган. Бул кол салуу жетекчилеринен тарта жай жарандарга чейин санай келгенде жарым миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен 165 окуучу кыз бар. Мындан сырткары, аталган мамлекеттин руханий лидери Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчы каза тапкан.