БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кадимки эле өрттүү куюн токиолуктарды куйкалап кеткен окуя — тарыхтагы жүрөктү ооруткан фактылардын бири. 1945-жылдын 10-мартында АКШнын Аскердик-аба күчтөрү Япониянын борборунда Экинчи дүйнөлүк согуштагы эң коркунучтуу чабуулдардын бирин койгон.
Төмөндө америкалыктар Токиону кантип жана эмне үчүн өрттөгөнүн баяндайбыз.
1945-жылдын 9-мартында 334 даана бомбалоочу учак Мариан аралдарындагы аэродромдон көтөрүлүп, Японияга багыт алган. Ажал издеген B-29 Superfortress бомбалагычынын бутасы өлкөнүн борбору Токио шаары эле. 10-мартка караган түнү алар жыгачтан салынган көп миллиондуу калаага 1 700 тоннадан ашык күйгүзүүчү бомба таштаган.
Берилген негизги тапшырма жалбырттаган, алоолонгон өрттү ар кайсы жерден чыгарып, аны куюнга айлантуу болгону айтылып келет. От кычкылтекти жок кылып, ысык абанын агымы жогорку ылдамдыкка жетип, температура миң градуска чейин көтөрүлгөн жалындуу куюн пайда болгон. Ысык катуу болгондуктан адамдардын кийимдери күйүп, дарыя-көлдөрдөгү суу кайнап чыккандыктан ал жерлерге да баш калкалоо мүмкүн эмес эле. Качып, жашынууга ылаажы табылган эмес, көпүрөлөр да бутага алынган.
...Бомбалоо 100 миңге чейин адамдын өмүрүн жалмаган. 330 миң үй күйүп кеткен. Бул Хиросима жана Нагасакидеги апааттын деңгээлине жеткен, анткени атомдук чабуулдардын алгачкы күнүнө караганда бул жерде көбүрөөк адам набыт болгон.
АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн армадасынын максаты эмне болгон? Бул курал-жарак жана ок-дары чыгарган борборлоштурулбаган өндүрүштөрдү жок кылуу эмес, көбүнчө япондордун улам баш көтөрүшүн басуу болчу. Бирок кандуу кадам майнабын берген жок. 11-мартта император Хирохито талкаланган Токиого барган. Гүлдөгөн шаардын ордундагы күлгө айланган урандыларды көрүп жашын тыя албай ыйлаган. Багынып берүү тууралуу кезектеги сунушту Япония кайрадан четке каккан.
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин бул чабуулду пландаган АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн генералы Кертис Лемэй өзүнүн мемуарларында жазган.
"Эгерде согушта жеңилип калсак, мени согуш кылмышкери катары асып салышмак", — деген ал.
Ошентип тарыхта адамзаттын оюна келбеген дагы бир кылмыш жасалган.