БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Украинада, Венесуэлада тынчтык орнотууну талкуулады. Бул туурасында РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып РИА Новости жазды.
Ушаков алар жогорудагы маселелерди бир саатка чукул талкуулашканын кошумчалаган.
Эки президент сүйлөшкөн темалар:
кеп негизинен Ирандын айланасындагы жаңжалдын жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн тегерегинде болду;
сүйлөшөлү деген демилгени Ак үйдүн кожоюну көтөргөн;
эки лидер Ирандагы кырдаал боюнча мазмундуу сүйлөшүп, Венесуэла боюнча маселелерди да козгоду;
Путин Ирандагы жаңжалды тезирээк саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга багытталган бир нече сунушун ортого салды;
Путин Украинада тынчтык орнотуу маселесинде АКШнын, анын ичинде Трамптын өзүнүн ортомчулук аракеттерине оң баасын берди;
сүйлөшүү иштиктүү, ачык жана конструктивдүү маанайда болду.
Андан кийин эки президент жаралган маселелер боюнча сүйлөшүп турууга даяр экендиктерин айтышты.