БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы министри Урматбек Шамыркановго аталган мекеменин офицеринин арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине көзөмөл жүргүзүүчү органдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгында Урматбек Шамыркановдун аракеттерине укуктук баа берилет.
Эске салсак, Шамырканов аталган министрликти жетектөөгө 16-февралда дайындалган. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, ал өткөн жылы министрдин орун басары болуп турганда ӨКМ офицеринен пара алган болушу мүмкүн.