ӨКМ жетекчиси Шамырканов коррупцияга шектелип кызматынан алынды

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматынан бошотулганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Бул жетекчи былтыр, ӨКМ башчысынын орун басары болуп турганда пара алган деп шектелүүдө.
"Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин ишинен жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ жетекчисинин орун басары Урматбек Шамыркановдун электрондук капчыгына которгон. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң (анын айтымында) министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген", – деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу президент Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Шамыркановду ээлеген кызматынан бошоткону айтылат. Анын милдетин Канатбек Чыныбаев аткарып турмай болду.

"Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири. Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман. Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек", — деп жазган Алагөзов.

Эске салсак, Шамырканов аталган министрликти жетектөөгө 16-февралда дайындаган.
Кан борборунда 36 млн. сомдук коррупция аныкталып, мурдагы жетекчиси кармалды