БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ыкчам чара көрүүнү тапшырды.
Минкабдын маалыматына ылайык, өлкөдөгү инфляциялык абал боюнча жыйынга тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышкан.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты жөнүндө кеңири айтып берип, керектөө бааларынын индексине таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго талдоо жүргүзүлгөн.
"Экономиканын динамикалуу өнүгүшү инфляциялык процесстерге катуу көзөмөл жүргүзүү менен коштолушу керек. Мамлекеттик органдар тышкы соода-сатыктагы өзгөрүүлөрдүн ички рынокко, айрыкча социалдык маанидеги товарларга тийгизген таасирин азайтууга милдеттүү", – деди Амангелдиев.
Амангелдиев экономикалык өсүштүн жогорку темпинин фонунда жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу министрлер кабинетинин негизги иштеринен экенин айткан.