БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте курамында шекери көп жана тузу жогору азыктарга акцизди көтөрүү демилгеси талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстанда курамында канты бар суусундуктардын литрине 3 сом өлчөмүндө бирдиктүү акциз салыгы алынат. Жаңы сунуш боюнча, салык канттын көлөмүнө жараша болот.
100 мл 5 г чейин кант — 1 литрине 5 сом;
100 мл 5-8 г кант — 1 литрине 7 сом;
100 мл 8-11 г кант — 1 литрине 9 сом;
100 мл 11 г жогору кант — 1 литрине 11 сом.
"Ошондой эле курамында кант менен кофеин көп, айрыкча өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян деп эсептелген энергетикалык суусундуктарга литрине 20 сом өлчөмүндө туруктуу акциз киргизүү сунушталууда", – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тузу жогору болгон айрым азыктарга да акциз киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Бул негизинен куурулган жана туздалган снек түрүндөгү азыктарга тиешелүү.
Тузу жогору азыктар үчүн сунушталган акциз:
100 г 1,2 г чейин туз — 0 сом;
100 г 1,2-1,5 г туз — 100 г үчүн 5 сом;
100 г 1,5-2,0 г туз — 100 г үчүн 10 сом;
100 г 2,0-2,5 г туз — 100 г үчүн 15 сом;
100 г 2,5 г жогору туз — 100 г үчүн 20 сом.