БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эски автоунааларды дээрлик жаңы машиналардын баасына сатып алышат. Мындай жыйынтыкты Central Asia Capital фондунун изилдөөсүндө айтылды.
Аналитиктер Статкомдун маалыматтарын талдап чыгып, өлкөдөгү автоунаалардын 81,6 пайызы, башкача айтканда 1 миллиондон ашык унаа 15 жылдан бери колдонулуп келе жатканын аныкташкан. Өлкөдөгү автоунаалардын орточо "жашы" 16 жылдан ашат. Ал эми 10 жылга чейинки жаңы унаалардын үлүшү болгону 14 пайызды түзөт.
Изилдөөгө ылайык, автопаркты жаңылап туруу үчүн Кыргызстанда жыл сайын 72 миңден 96 миңге чейин автоунаа талап кылынат. Бирок жеткиликтүү жаңы унаалардын жоктугунан улам жарандар эски унааларды сатып алууга аргасыз болууда.
"Колдон алынган унаалар да кыйла кымбат. Мисалы, 2018-жылы чыккан Hyundai Solaris же Kia Rio үлгүсүндөгү унаалар орто эсеп менен 759 миң сом турат. Ушул эле моделдердин 2021-жылкы версиялары колдон алганда 1 миллион 333 миң сомго чейин бааланат. Мындай унаалар кепилдиксиз сатылат жана алардын техникалык тарыхы так болбойт. Ошондой эле банктар эски унааларды насыя же лизинг аркылуу каржылоого көп учурда макул болбойт", – делет анализде.
Изилдөөдө автоунаалардын саны аймактарда тез өсүп жатканы да белгиленген. Бишкекте автопарктын өсүшү 2,8 пайызды түзсө, Нарын облусунда 37,3 пайызга, Баткен облусунда 22,4 пайызга, Ош облусунда 22,3 пайызга көбөйгөн.