Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынат

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчи орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, жылытуу мезгили марттын аягы менен ийгиликтүү аяктаса, апрель айында колдонуунун жыйынтыгына карап тиешелүү чечим чыгарылат.
"Жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп жатабыз. Эч жерде сааттап электр энергиясын бербей калуу учурлары катталган жок. Кыска мөөнөттүү гана мүчүлүштүктөр болбосо, чоң авариялык өчүрүүлөр болгон жок. Эми апрелге чейин дагы 20 күн бар. Жылытуу мезгилин толук бүтүрүп алышыбыз керек", – деди ал.
Уларбек Дүйшө уулу муну "чектөө" деп айтуу туура эмес экенин билдирди. Ал керектөөчү менен түзүлгөн келишимде тармакка күч келген учурда электрди лимит менен берүү алдын ала көрсөтүлгөнүн белгилеген.
Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүн