1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери кандай болот?

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясына кандай тарифтер колдонуларын Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин өкүлдөрү “Кабар” маалымат агенттигинде айтып беришти.
Аз камсыз болгон жарандар үчүн тариф өзгөрбөйт (азыр алар 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйын төлөшөт);
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн — 1,64 сом (азыр 1,37 сом);
700 киловатт-сааттан ашык электр энергиясын колдонгон абоненттер үчүн — 2,94 сом (азыр 2,6 сом);
Социалдык керектөөчүлөр үчүн: насостук станциялар, диний уюмдар, интернат тибиндеги үйлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жайлар — 2,96 сом (азыр 2,62 сом);
Өнөр жай объектилери үчүн — 3,65 сом (азыр 3,34 сом);
Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн — 4,62 сом (азыр 4,09 сом);
Коммерциялык керектөөчүлөр үчүн: банктар, ресторандар, кафелер — 4,33 сом (азыр 3,96 сом);
Алтын казуучу ишканалар үчүн — 6,84 сом;
Электромобилдерди кубаттоочу станциялар үчүн — 5,99 сом.
РКӨФ Ысык-Ата-2 чакан ГЭСи кантип иштээрин көрсөттү