БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Уюмдун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын жыйынында БУУну бир да жолу аял жетектебегенин белгиледи.
Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясына катышкан.
"Бул жөн гана символикалык маселе эмес, бул — ишеним жана аброй маселеси. Бүткүл дүйнөнү гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө чакырган институт өзүнүн жогорку жетекчилик деңгээлинде да ушул принципке берилгендигин көрсөтүшү керек. Ошондуктан уюмдун кийинки башкы катчысы аялдардан шайланышы керек", — деген ал.
Анын айтымында, уюмдун дээрлик 80 жылдык тарыхында БУУну аял киши жетектеген эмес.
"Дүйнө чыр-чатак зоналарындагы аялдардын азап-тозокторуна көз жуумп, аялдардын укуктары жөнүндө ишенимдүү айта албайт. Аялдарды коргоо эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керек", — деди саясатчы.
Байсалов президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мамлекет мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы чечкиндүү күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын баса белгиледи.