БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, Россиядан чыккан дүң баа 17-19 пайызга өсүп кеткен. Эшатов абал өзгөрбөсө, баа улам жогорулай берерин кошумчалады.