Балдардын канында коргошун көп болууда. Адистер коңгуроо какты

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир бешинчи баланын канында коргошундун көлөмү көп экени аныкталды. Бул туурасында "Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо" журналына жарыяланган изилдөөдө айтылган.
Медиктер, окумуштуулар 1-6 жаштагы балдарды изилдөөгө алган.
Негизги жыйынтыктар:
ата-энелердин бул маселеден кабары аз. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы коргошун менен уулануунун кесепети кандай болорун билбейт;
курамында уулуу металл тиешелүү ченемден ашык, сертификатталбаган курулушта колдонгон сырларды пайдалануу коргошундун негизги булагы экени аныкталган;
ошондой эле чопо жана керамика идиштери, балдардын оюнчуктары да кооптуу дешкен;
боёктордо, идиштерде жана керектөөчү товарлардын курамындагы бул металлдын канча көлөмдө болушун тактап, аныктап туруу үчүн мамлекеттин көзөмөлүн арттыруу зарыл;
калк арасында оор металлдар менен ууланууну көзөмөлдөй турган, заманга бап келген жабдуулар менен камсыздалган мониторинг борборун түзүү жана ар 2–3 жылда бир жолу изилдөө жүргүзүү керек.
Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган