Сулайман Рысбаев — балдар жазуучусу, агартуучу жана педагог. Ал көптөгөн муундун тарбиясына, балдар адабиятынын өнүгүүсүнө белсенип салымын кошуп келет. Рысбаевдин чыгармачылыгы балдарды улуттук баалуулуктарга, билимге жана чыгармачылыкка кызыктырат.
Ал ошондой эле мугалим катары жаш муунду тарбиялоого көңүл буруп, билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуп келет. Анын эмгектери мектептерде, билим берүү мекемелеринде жана балдарга арналган китептерде кеңири колдонулат.
Бүгүн “Туяк” программасынын студиясында өзгөчө коноктор болду. Кыргыз элинин белгилүү агартуучусу Сулайман Рысбаевдин жубайы Чынаркүл Айдакеева, Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Айгүл Батыркулова жана устаттын шакирти Айдай Бекбоева катышып, агартуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу ой бөлүшүштү.