Санариптештирүү, жасалма интеллект, пландар. Министрдин орун басарынан катардагы адиске чейин: Россиянын президенттик академиясы кыргызстандык кадрларды окутат

Sputnik
Бүгүнкү "Ачык кеп" программасынын алкагында Россия Федерациясынын президентине караштуу элдик чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы менен кыргыз тараптын мамлекеттик кадрлардын квалификациясын жогорулатуу багытында болуучу окутуу программаларынан тартып, өлкөдөгү санариптештирүү иштери, жасалма интеллектин келечеги тууралуу сүйлөштүк. Министрдин орун басары өлкөдө мамлекеттик иш кагаздарын, элдин чарбалык иштерин санариптештирүү иштери жолго коюлганын, мындан аркы аткарылчу иштер өз убактысы менен жасала берерин айтып, учурда аталган министрлик ишти жасалма интеллекти сапаттуу жана туура колдонуу, анын коопсуздук чараларын анализдөө жана көзөмөлдөө, улуттук талаптарга шайкеш келтирүү иштери жасалып жатканына токтолду. Мунун алкагында келечеке кандай максаттар коюлган жана эмне шитер аткарылып жатат, бул прогрммадан уга аласыз.