Айыл чарба министрлиги өлкөдө шарп ылаңы массалык жайылбаганын билдирдиТрамп Иран менен согуш дээрлик аяктап баратканын айтты Эдил Байсалов БУУну аял жетектей турган мезгил келгенин айттыМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Уюмдун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын жыйынында БУУну бир да жолу аял жетектебегенин белгиледи. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясына катышкан. "Бул жөн гана символикалык маселе эмес, бул — ишеним жана аброй маселеси. Бүткүл дүйнөнү гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө чакырган институт өзүнүн жогорку жетекчилик деңгээлинде да ушул принципке берилгендигин көрсөтүшү керек. Ошондуктан уюмдун кийинки башкы катчысы аялдардан шайланышы керек", — деген ал. Анын айтымында, уюмдун дээрлик 80 жылдык тарыхында БУУну аял киши жетектеген эмес.
Кыргызстанда эски автоунааларды дээрлик жаңы машиналардын баасына сатып алышат. Мындай жыйынтыкты Central Asia Capital фондунун изилдөөсүндө айтылды. Аналитиктер Статкомдун маалыматтарын талдап чыгып, өлкөдөгү автоунаалардын 81,6 пайызы, башкача айтканда 1 миллиондон ашык унаа 15 жылдан бери колдонулуп келе жатканын аныкташкан. Өлкөдөгү автоунаалардын орточо "жашы" 16 жылдан ашат. Ал эми 10 жылга чейинки жаңы унаалардын үлүшү болгону 14 пайызды түзөт. Изилдөөгө ылайык, автопаркты жаңылап туруу үчүн Кыргызстанда жыл сайын 72 миңден 96 миңге чейин автоунаа талап кылынат. Бирок жеткиликтүү жаңы унаалардын жоктугунан улам жарандар эски унааларды сатып алууга аргасыз болууда. Изилдөөдө автоунаалардын саны аймактарда тез өсүп жатканы да белгиленген. Бишкекте автопарктын өсүшү 2,8 пайызды түзсө, Нарын облусунда 37,3 пайызга, Баткен облусунда 22,4 пайызга, Ош облусунда 22,3 пайызга көбөйгөн.
Кыргызстанда мал арасында шарп ылаңынын массалык жайылышы катталган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларга дарылоо жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, шарп жуктурган учурлар катталып, мал дарыланган. Бирок ылаң массалык жайылган жок.
Иран менен болгон согуш дээрлик аягына чыгып калды. Мындай билдирүүнү АКШнын президенти Дональд Трамп CBS News порталына интервью берип жатканда айткан. Ал Кошмо Штаттардын Тегеранга жасаган согуштук операциясы графиктен бир нече апта алдыга кетип бара жаткандыгын айткан. "Иран менен согуш кайсы бир деңгээлде соңуна чыгып калды. Алардын флоту да, байланышы да, абадагы аскердик күчтөрү да жок", — деген ал. Ак үйдүн башчысы кокус Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу ташыла турган мунайдын агымын токтотсо, азыркыга караганда жыйырма эсе кубаттуу чабуулга туш боло турганын айтып, коркуткан.