Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Канттуу суусундуктарга жана тузу жогору азыктарга акцизди өзгөртүү сунушталдыПутин менен Трамп телефондон сүйлөштүӨКМ ашууларда бороон болуп жатканын кабарлап айдоочуларга эскертүү берди, алдыда кененирээкАшууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди. Жеңил транспортко бардык ашууларда жол ачык. Мекеме жол тейлɵɵ ишканалары түндө жааган карды, бороон айдап салган күрткүнү тазалап, жолго кум, туз себилип жатканын айтты. Айдоочуларды аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, керектүү шаймандарды кошо ала жүрүүнү эскертти.
Бишкекте курамында шекери көп жана тузу жогору азыктарга акцизди көтөрүү демилгеси талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстанда курамында канты бар суусундуктардын литрине 3 сом өлчөмүндө бирдиктүү акциз салыгы алынат. Жаңы сунуш боюнча, салык канттын көлөмүнө жараша болот. 100 мл 5 г чейин кант — 1 литрине 5 сом; 100 мл 5-8 г кант — 1 литрине 7 сом; 100 мл 8-11 г кант — 1 литрине 9 сом; 100 мл 11 г жогору кант — 1 литрине 11 сом. "Ошондой эле курамында кант менен кофеин көп, айрыкча өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян деп эсептелген энергетикалык суусундуктарга литрине 20 сом өлчөмүндө туруктуу акциз киргизүү сунушталууда", – деп айтылат маалыматта. Ошондой эле тузу жогору болгон айрым азыктарга да акциз киргизүү демилгеси көтөрүлдү.
Каракол шаарынын мэри алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, буга чейин шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматынан бошотулуп, ордуна Талант Иманов дайындалган. Ал буга чейин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болчу, ага чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеген. Мамлекет башчы кол койгон дагы бир тескеме менен Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Үсөнов кызматынан бошотулуп, ордуна Кутман Мамыров келди.
Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Украинада, Венесуэлада тынчтык орнотууну талкуулады. Бул туурасында РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып РИА Новости жазды. Ушаков алар жогорудагы маселелерди бир саатка чукул талкуулашканын кошумчалаган. Эки президент сүйлөшкөн темалар: кеп негизинен Ирандын айланасындагы жаңжалдын жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн тегерегинде болду; сүйлөшөлү деген демилгени Ак үйдүн кожоюну көтөргөн; эки лидер Ирандагы кырдаал боюнча мазмундуу сүйлөшүп, Венесуэла боюнча маселелерди да козгоду; Путин Ирандагы жаңжалды тезирээк саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга багытталган бир нече сунушун ортого салды; Путин Украинада тынчтык орнотуу маселесинде АКШнын, анын ичинде Трамптын өзүнүн ортомчулук аракеттерине оң баасын берди; сүйлөшүү иштиктүү, ачык жана конструктивдүү маанайда болду. Андан кийин эки президент жаралган маселелер боюнча сүйлөшүп турууга даяр экендиктерин айтышты.