«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?

Sputnik
2026-жылдын февралында Министрлер Кабинети бир катар телекоммуникация компанияларына улуттук телекоммуникация операторлору деген расмий статус берилди. Алардын катарында «Кыргызтелеком» мекемеси бар. Бул чечим улуттук маалыматтык куралын күчөтүү, санариптик инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү жана мамлекеттик саясат менен интеграциялоо максатында кабыл алынган. Компаниянын 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү, улуттук статусу тууралуу «Кыргызтелеком» ААКтын коммерциялык директору Улугбек Ахметов айтып берди.