Украинанын Жогорку соту биринчи жолу эки эркектин никесин тааныды

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Украинанын Жогорку соту 8-март күнү эки эркек кишинин никесин тааныды. Кеп Украинанын Израилдеги элчилигинин биринчи катчысы Зорян Кись менен коомдук активист Тимур Левчик тууралуу болууда.
Кись менен Левчук 2015-жылдан бери чогуу жашап келишет. Никеге 2021-жылы АКШда турушкан. Үч жылдан кийин Кись Израилдеги жумушуна Левчук менен чогуу бир үй-бүлө катары барууну пландап, бирок Украина ТИМи ага уруксат берген эмес.
"Украинанын мыйзамы боюнча, нике аял менен эркектин ортосунда гана жүрө турган түшүнүк" — деп жооп берген министрлик.
Мындан кийин Кись сотко кайрылган. 2025-жылдын июнунда Киевдин райондук соту никени тааныганы менен "Все вместе" коомдук кыймылы Жогорку сотко арыз жазган. Кыймыл мүчөлөрүнүн кайрылуусунда алардын ишмердүүлүгү "Украинада бир жыныстуу никени жана мамилени мыйзамдаштырууга жол бербөөгө" багытталганы айтылган болчу. 8-март күнү Жогорку сот төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, эки эркек кишинин никелешүүсүн тааныды. Деген менен өлкө аймагында мындай мамилени расмий мыйзамдаштырууга уруксат берилген жок.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев 8-мартка да "өзгөчө боек" бере алганын белгилеген.
"Киев режими 8-мартты өзгөчө өткөрдү. Ооба, Зеленский үчүн шумдук мүмкүнчүлүктөр ачылууда", — деп жазган ал Telegram каналына.
Россияда ЛГБТ кыймылы экстремисттик деп табылып, мыйзам чегинде тыюу салынган.
АКШда ЛГБТны* илгерилетүүгө байланышкан гранттар жоюлду