"Көпкө барбайт". Трамп Ирандын жаңы лидери тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы лидеринин шайланышына "нааразылыгын" билдирип, "ал көпкө узабай турганын" айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи каза болгондон кийин жетекчиликке анын 56 жаштагы уулу Можтаба Хаменеи шайланды. Буга пикирин билдирип жатып Трамп окуянын андан ары өнүгүшүнө көз салып турарын белгилеген.
"Нааразымын... Бирок ал (Можтаба Хаменеи — ред.) АКШнын макулдугусуз көпкө чейин отурбайт. Ал эми биз он жыл сайын Иранга кайта бергибиз келбейт. Көрөбүз", — деди Трамп.
Али Хаменеи Америка менен Израилдин Ирандагы операциясы башталган күнү, 28-февралда, соккудан каза болгон. Өлкө ушу тапта 40 күндүк азада.
Америкалыктар Трамптын кенже уулун Иранга жөнөтүүнү талап кылышууда