Орбан РФ энергетикасына каршы бардык санкцияларды алып салууну талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге Россия маселеси боюнча кайрылганын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260309/orban-2079510838.html
Ал Евробиримдиктин Россиянын энергетика тармагына каршы киргизген санкцияларын кайра карап чыгууну сунуштаган.
"Бүткүл Европа боюнча Россиянын энергетикасына байланыштуу бардык санкцияларды кайра карап чыгып, убактылуу токтотуу зарыл. Мен бул демилгени бүгүн Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге жөнөткөн катымда көтөрдүм", — деди Орбан социалдык тармакка жарыяланган видеокайрылуусунда.
"Сиз мени эле эмес, бүтүндөй Венгрияны коркуттуңуз". Орбан Зеленскийге жооп берди