БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өлкөнүн интернет желесинде порнографиялык мүнөздөгү элементтер бар контентти камтыган сайттардын ишин токтотуу жана чектөө тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Минкабдын маалыматына ылайык, Маданият министрлиги интернетте мониторинг жүргүзөт. Эгер сайтта же анын баракчасында порнографиялык мүнөздөгү элементтер аныкталса, сайттын ишин эки айга чейин токтотуп турат. Чечим телекоммуникациялар тармагын жөнгө салуучу органга жөнөтүлүп, алар интернет-провайдерлерге, хостинг-провайдерлерге жана сайттын ээсине кабарлайт. Билдирүү алгандар 24 сааттын ичинде чечимди аткарууга же мыйзам бузууларды жоюуга милдеттүү.
"Эгер эки айдын ичинде чечим боюнча даттануу болбосо, сайт порнографиялык мазмундагы контентти камтыган бөгөттөлгөн сайттардын атайын реестрине киргизилет. Бул реестр маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп, анын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин эски редакциясына ылайык, порнографиялык материалдарды сатуу максатында ташып келүү, даярдоо, жарнамалоо, жайылтуу үчүн айып пул каралган.