БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуулар этине суроо-талап жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр өлкө 2,1 миң тонна куш этин экспорттогон. Бул мурдагы жылга караганда миң тоннага көп. Негизги кардарлардын тизмесинде ЕАЭБ өлкөлөрү сап башында:
Россия — миң тонна;
Казакстан — 800 тонна;
Өзбекстан — 220 тонна;
Тажикстан — 85 тонна.
Статистикага канаттуулардын эти эле эмес, ич эти да (боор, бөтөгө, жүрөк) кирген.