Кыргызстан чет өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтотту

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстан чет өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтотту. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Документке ылайык, чектөө алты айлык убакытка киргизилген. Ал ири мүйүздүү малга, жылкыга жана кой эчкиге колдонулат.
Ошол эле учурда аталган чектөө төмөнкү учурларда иштебейт:
Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит болгон учурда;
мелдештерге катышуу үчүн чыгарылган спорттук жылкыларга;
чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белек катары берилген жылкыларга;
мамлекеттик оператор — Кыргыз Агрохолдинг ачык акционердик коому экспорттогон малга;
аба жолу аркылуу экспорт болгон жылкыларга.
Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын базардагы баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Өкмөт темир жана автоунаанын катализаторлорун сыртка ташууга тыюу салды