Каракол шаарынын мэри алмашты. Каныбек Адиевдин ордуна Талант Иманов келди

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Каракол шаарынын мэри алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, буга чейин шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматынан бошотулуп, ордуна Талант Иманов дайындалган. Ал буга чейин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болчу, ага чейин Инвестиция боюнча улуттук агенттикти жетектеген.
Мамлекет башчы кол койгон дагы бир тескеме менен Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Үсөнов кызматынан бошотулуп, ордуна Кутман Мамыров келди.
Манас шаарынын мэри алмашты. Жаңы башчы тууралуу эмне белгилүү