Кан борборунда 36 млн. сомдук коррупция аныкталып, мурдагы жетекчиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Республикалык кан борборунун мурдагы директору 36 миллион сомдук коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 4

Республикалык кан борборунун мурдагы директору коррупцияга шектелип кармалды

2 / 4

Реагенттер беш жыл бою жогорулатылган баада жеткирилип турганы айтылды

3 / 4

Реагенттер беш жыл бою жогорулатылган баада жеткирилип турганы айтылды

4 / 4

Реагенттер беш жыл бою жогорулатылган баада жеткирилип турганы айтылды

Маалыматка ылайык, борбордун мурдагы директору К.Б. 2020-жылы менчик компаниянын жетекчиси менен лабораториялык жабдууларды орнотуу жана реагенттерди жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Реагенттер беш жыл бою жогорулатылган баада жеткирилип, алынган каражаттын бир бөлүгү "откат" катары директорго берилген.
"Борбордун 2020–2025-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында К.Б. жана менчик компания мамлекетке 36 миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталган. К.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми компаниянын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет", – деп айтылат маалыматта.
Аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
УКМК саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиевди кармады