Иран бийлигине маркум аятолланын уулу Можтаба Хаменеи келди

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди 8-мартта Ирандын Эксперттер ассамблеясынын 88 өкүлүнөн турган кеңеши кабыл алды. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.
Маалыматка ылайык, 56 жаштагы Можтаба Хаменеи Али Хаменеинин экинчи уулу. Ал 1969-жылы Ирандын Мешхед шаарында төрөлгөн. Диний билим алгандан тышкары аскердик кызмат да өтөп, бирок саясий фигура катары таанылган эмес. Ал жогорку лидердин кеңсесин башкарып, акыркы он жылда кээде гана гезиттердин башкы жаңылыктарына чыгып турган.
Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилигине чабуулдан улам жок кылынган Али Хаменеиге окшош бирөөнүн келишине каршылыгын билдирип, өлкөнүн жаңы лидери Вашингтон менен мамиле кура алгыдай болушу керектигин айткан. Ал ирандыктар өз жетекчисин өздөрү тандай алышарын, бирок Вашингтон "анын АКШга көзү түз экенине" ынанышы керектигин белгилеген.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Чабуулдан өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи баштаган бир топ кызмат адамдары көз жумду. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку уруп жатат.
Израиль: Иранга жетекчи болгондун баары жок кылынат