БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова диний китептердин мазмунун кылдат текшерүү зарыл экендигин комитеттик жыйында белгиледи.
Эл өкүлү улуттук басмакананын ишин жандантып, аны күчөтүү мезгили келгенин да айтты. Ал ошондой эле комитет мүчөлөрүнө басмаканалар менен китеп палатасынан чыгып жаткан китептерди көрүп келүүнү сунуштады.
"Азыр типографиялардын баары жеке менчик. Бардык ишти көзөмөлгө алып, жеке басмаканалардын ишин байкоого алган улуттук типография түзүүгө убакыт келип жетти", — деди депутат.
Аманова өлкөдө басылып чыккан китептердин 60-70 пайызы диний адабият экенин билдирди. Депутат булар салттуу исламдын принциптерине туура келеби же жокпу деген суроо койду.