БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Токмок шаардык сотунун чечими менен Даниэл Ажиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ажиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айып тагылган. 8-мартта сот эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандап, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул берене менен айыпталуучу беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, 2024-жылы мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга тогуз жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган Даниэл Ажиев президент Садыр Жапаров ырайым бергенден кийин түрмөдөн тик учак менен учуп кеткени айтылган. Ал ошол эле күнү Токмок шаарынын аймагынан баңгизат менен кармалган.