Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал мугалимдерге жана башка окуучуларга кол салуу жөнүндө изилдеп жүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте террорго каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында билинген.
“Аталган факты боюнча “Террордук акт жасоо коркунучу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал иликтенүүдө”, — деп айтылат кабарда.
Атайын кызмат ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен көбүрөөк сүйлөшүүгө жана алардын интернетте эмнеге кызыгып жатканын көзөмөлдөөгө чакырды. Мекеме акыркы убакта өспүрүмдөр арасында радикалдашуу учурлары көп катталып жатканын белгилеген.
Ошто курал-жарак катылган жай табылды. Видео